Азаттык Үналгысы | Кыргызстан жана дүйнө: видео, фото, кабарлар's Avatar

Азаттык Үналгысы | Кыргызстан жана дүйнө: видео, фото, кабарлар

@azattyk.org.web.brid.gy

“Азаттык үналгысы” – Кыргызстан жана дүйнө жаңылыктары, курч иликтөө, талкуу жана маектер, кызыктуу видео, фото жана аудиолорду сунуш кылган медиа мекеме. Биздин […] [bridged from https://azattyk.org/ on the web: https://fed.brid.gy/web/azattyk.org ]

15 Followers  |  0 Following  |  4,790 Posts  |  Joined: 01.01.0001  |  1.2261

Latest posts by azattyk.org.web.brid.gy on Bluesky

Preview
Индиядагы учак кырсыгы: Эки жүздөн ашуун адам мүрт кетти Индияда 200дөн ашык жүргүнчүнү ташып бараткан учак кырсыкка кабылып, көп адам мүрт кетти. Украинанын экинчи ири шаары Харьков Орусиянын аба соккусуна кабылып, кеминде 16 адам жараат алды. Ош облустук милициясы күйөөсү сабаганын айткан келиндин жолдошун эки аптадан кийин гана кармады.
12.06.2025 15:56 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Иран МАГАТЭнин резолюциясына жооп кайтарарын эскертти Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкаруучулар кеңеши Иран ядролук куралды жайылтпоо милдеттенмелерин аткарбай жатат деген резолюция кабыл алды. 12-июнда кабыл алынган чечим БУУнун Ислам жумуриятына каршы санкцияларын жандандырууга жол ачышы мүмкүн. 35 мүчөдөн турган кеңештин жыйынында АКШ, Британия, Франция жана Германия сунуш кылган документти 19 киши колдоду, үчөө каршы добуш берди, 11и калыс калды. Буга чейин ушундай резолюция акыркы жолу 2005-жылы кабыл...
12.06.2025 14:29 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
"Абалым оор, барар жерим жок". Үй-бүлө зомбулугун айткан келин жардам сурады Өзгөндө үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын айткан келин милиция бул маселеге көңүл бурбай жатканына даттанууда. 37 жаштагы келин аны ур-токмокко алган күйөөсүнө өз убагында чара көрүлбөгөнүнө нааразы. Окуя коомчулукта талкууга түшкөн соң милиция билдирүү жасап, кылмыш иши козголгонун жарыялады.
12.06.2025 14:18 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Москвадан кармалып, Бишкекке алынып келинди Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстанда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 10-июнда Орусиянын борбору Москва шаарында кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, ал Бишкекке алынып келинди. Шектүү М.М. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган жана ал оор кылмыш жасаган деп айыпталууда: “Ыкчам маалыматтарга караганда, М.М. Москва жана Москва облусу боюнча "смотрящий" деп аталган милдеттерди да аткарган. Кылмыш дүйнөсүндө жогорку макамга ээ”. Кыргызстанда...
12.06.2025 12:33 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Бишкекте кинофестивалга блогер ачык кийинип келгени үчүн уюштуруучуларга сөгүш берилди Бишкекте 11-июнда өткөн эл аралык кинофестивалдын ачылыш аземине блогердин ачык кийинип келгени үчүн иш-чаранын уюштуруучуларына сөгүш берилди. Бул тууралуу маалымат 12-июнда Кинематография департаментинин социалдык тармактагы баракчасына чыкты. Анда Кинематография департаментинин директорунун орун басарына эскертүү, кинофестивалдын директоруна, уюштуруучуларга жана кызматкерлерге сөгүш берилгени жазылган. “Кинематография департаменти маданиятка каршы багытталган аракеттерди колдобойт жана...
12.06.2025 12:11 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Кандуу окуядан кийин Франция балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салууну көздөйт Франциянын прокуратурасы мугалимдин жардамчысына бычак сайган деп шектелген 14 жаштагы өспүрүмгө адам өлтүрүү айыбын тагууну, тергөө абагына камоону сурады. Окуя дүйшөмбү күнү Ножан-сюр-Мар деген жерде болгон. Мектептердин биринде окуучулардын сумкаларын текшерүү маалында өспүрүм окуу жайдын кызматкерине бычак менен кол салган. 31 жаштагы аял жарааттардан көз жумган, анын артында төрт жашар баласы калды. Окуучуну кармоо учурунда полиция кызматкери жеңил жаракат алды. Аймактык прокурор Дени...
12.06.2025 11:59 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Индияда ичинде 242 адам бараткан учак кырсыкка кабылды Окуя 12-июнда Индиянын батыш аймагында жайгашкан Ахмедабад шаарынан анча алыс эмес аймакта болду. Air India авиакомпаниясына таандык жүргүнчү ташыган Boeing 787-8 Dreamliner учагы жаңы эле абага көтөрүлгөн. AI171 каттамы жүргүнчүлөрдү Ахмедабаддан Лондонго жеткирмек. Ичинде 242 адам баратканы, арасында Индиянын, Улуу Британиянын, Канаданын жана Португалиянын жарандары болгону, жүргүнчүлөр 230 киши, учкучтар экөө жана экипаж мүчөлөрү 10 киши экени маалымдалды. Air India авиакомпаниясы X...
12.06.2025 11:50 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Air India авиакомпаниясынын учагы калк жашаган районго кулады Индиянын саламаттыкты сактоо министри Гужарат штатындагы учак кырсыгынан “көп киши каза болгонун” билдирди. Бирок канча кишинин өмүрү кыйылганы жана канчасы жараланганы расмий айтыла элек. 12-июнда Air India авиакомпаниясынын Ахмедабад шаарынан Лондонго бараткан учагы көтөрүлгөндөн көп узабай кулаган. Индиянын Жарандык авиация башкармалыгынын жетекчиси Фаиз Ахмед Кидвай учак Мегани Нагар деген калк жашаган райондо кулаганын АР агенттигине ырастады. Рейтер жазгандай, куткаруучулар...
12.06.2025 11:18 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Өзгөн: аялдын сабалышына шектелип күйөөсү кармалды Өзгөндө аялдын сабалышы боюнча шектүү катары анын күйөөсү камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы 12-июнда билдирди. Мекеменин ушул эле күнү берген маалыматына ылайык, жабыркаган аял 29-майда Өзгөн райондук милициясына кайрылып, күйөөсү уруп-сабаганын айтып, чара көрүүнү өтүнгөн. Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Анын негизинде соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ошол эле күнү аялга коргоо ордери берилген. Соттук-медициналык...
12.06.2025 10:38 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Жалал-Абад шаарындагы Лениндин эстелиги алынды Жалал-Абадда шаардык кинотеатрдын тушунда турган 1917-жылдагы Октябрь революциясынын жетекчиси жана Советтер Союзунун түзүүчүсү Владимир Лениндин эстелиги алынганын “Азаттыкка” мэриянын басма сөз кызматы ырастады. Эстелик Совет мезгилинде бетондон жасалганын жана андан бери бир да жолу оңдолбогону үчүн учурда авариялык абалда экенин түшүндүрдү. Мындан тышкары шаардын эстелик жайгашкан Токтогул көчөсүнүн боюндагы скверди оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу скульптураны алууга туура...
12.06.2025 10:35 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Ирандын жарандары Тажикстандын аймагында каттоосуз жүрө алат Ирандын жарандары Тажикстандын аймагында 30 күнгө чейин ички иштер органдарында каттоого турбастан жүрө алат. Бул тууралуу тажик Тышкы иштер министрлигинин сайтында 11-июнда жарыяланган маалыматта айтылат. Мекеме белгилегендей, жоболор 2020-жылкы токтомду кайра карап чыккандан кийин өзгөртүлүп, жакындашуу, өз ара ишенимди арттыруу саясатын чагылдырат. "Паритет негизинде киргизилген өзгөртүү кошуна дос мамлекеттерге түзүлгөн шарттарды жакшыртууну жана эл аралык байланыштарды өнүктүрүүнү...
12.06.2025 10:33 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Ташкенттеги форумда Орусиянын вице-премьери сүйлөгөндө Батыштын өкүлдөрү залдан чыгып кетти Ташкентте Инвестициялык форумдун пленардык жыйыны учурунда орус өкмөтүнүн төрага орун басары Александр Новак сөз сүйлөгөндө АКШнын жана Европанын 50 чакты өкүлү залдан чыгып кетти. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы ("Озодлик") булактарга, анын ичинде аты аталбаган европалык дипломатка шилтеме менен кабарлады. Шаршембиде иш-чараны Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ачкандан кийин пленардык жыйын башталмак. Маалыматка караганда, аны CNN Business берүүсүнүн башкы редактору Ричард...
12.06.2025 10:30 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Индияда Ахмедабад-Лондон жүргүнчү учагы аэропорттун жанында кулады Air India авиакомпаниясынын 242 жүргүнчү ташып бараткан учагы Индиянын Гужарат штатындагы Ахмедабад аэропортунун жанында кырсыкка учурады. Алдын ала маалыматка ылайык, учак көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулаган. Каза тапкандар, жабыркагандар тууралуу кабарлана элек. India TV телеканалы окуя болгон жерди коюу түтүн каптаганын көрүүгө болот деп маалымдады. Учак Ахмедабад шаарынан Лондонго бараткан. Индиянын ички иштер министри Амит Шах Гужарат штатынын ички иштер мекемесинин жетекчиси жана...
12.06.2025 09:59 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
"Кыргызшампаны" ишканасынын имаратынын архитектуралык эстелик макамы алынды Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектин Айтматов проспектисинде жайгашкан “Кыргызшампаны” ишканасынын администрациялык имаратынын архитектуралык тарыхый эстелик макамын алууга токтом чыгарды. 30-майда кол коюлган бул документ “Эркин-Тоо” гезитине 10-июнда жарыяланды. Ага ылайык, 2002-жылы чыккан “Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объектерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү” токтомуна өзгөртүү кирди. Ачык булактагы...
12.06.2025 09:40 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Газанын гуманитардык фонду "хамасчыларды" кызматкерлерин өлтүрүүгө айыптады Газанын гуманитардык фонду (GHF)деп аталган америкалык бейөкмөт уюм 11-июнда автобусуна кол салганы деп ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунун согушкерлерин айыптады. Маалыматка караганда, уюмдун кеминде беш кызматкери каза таап, бир нечеси жабыркады. Алар Хан-Юниске жумуштап бараткан. AFP агенттиги набыт болгондордун бардыгы фонд менен кызматташкан палестиналыктар экенин тактады. GHFнын билдирүүсүндө айтылгандай, кечки саат ондо болгон кол салуунун...
12.06.2025 09:38 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Трамп Бээжин менен соода келишимине жетишилгенин билдирди АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон менен Бээжин соода келишимин түзүүнү макулдашканын билдирди. Трамптын Truth Social социалдык тармагына жазганы боюнча документти Кытайдын лидери Си Цзинпин экөө жактырууга тийиш. Маалыматка караганда, Кытай АКШны магнит жана сейрек металлдар менен камсыздайт, Кошмо Штаттар "тараптар буга чейин макулдашууну толук" аткармакчы, анын ичинде кытайлык студенттерге америкалык университеттерде окууга уруксат берилет. Трамп бул шартка "каршы болбогонун"...
12.06.2025 09:27 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Казакстанда "Орда" сайты куугунтукка кабылганын билдирди Казакстанда "Орда" сайты кысым-басымга, коркутууларга, куугунтукка жана рейдерлик аракеттерге кабылганын билдирди. Маалымат каражатынын негиздөөчүсү жана башкы редактору Гүлнара Бажкенованын айтымында, психологиялык басымдын түрдүү ыкмалары колдонулууда. Асыресе, өздөрүн полиция кызматкери деп тааныштырган адамдар журналисттерди кылмыш ишине байланыштуу издөөдө экенин айткан. Белгисиз бирөөлөр Бажкенованынын сүрөтүн жана анын атынан делген жарыяны интернеттеги сексуалдык кызмат көрсөткөн...
12.06.2025 09:16 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Өзгөндө күйөөсү сабады делген аялдын окуясы боюнча кылмыш иши козголду Ош облустук милициясы күйөөсү сабаганы айтылган келиндин окуясы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Мекеменин 12-июндагы маалыматында, жабырлануучу 29-майда Өзгөн райондук милициясына кайрылып, күйөөсүнө чара көрүүнү өтүнгөн. Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын негизинде жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ошол эле күнү коргоо ордери берилген. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жабырлануучу жеңил жараат алганы аныкталган....
12.06.2025 08:12 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Тартиптик жаза алган жетекчилер чет өлкөгө сапарга чыга албай турган болду Мындан ары тартиптик жазага тартылган мамлекеттик саясий кызматкерлер чет өлкөгө иш сапарларга чыга албайт. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков 12-июнда Фейсбук баракчасына жазды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, тартиптик жазага илинген жетекчилердин сый акысы жана дем берүүчү төлөмдөрү убактылуу токтотулат. “Мындай кадам – саясий кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатууну көздөйт. Эми ар бир...
12.06.2025 08:01 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Каховдогу апаат. ГЭС жарылган жерде токой пайда болду Экологдордун айтымында, Украинада акыркы жылдарда болгон эң оор апааттардын биринин орду учурда таңкаларлыктай өзгөрдү. Украинанын Херсон облусундагы Днепр дарыясынын нугуна курулган Кахов суу сактагычы 2023-жылдын 6-июнунда жардырылган. Андан чыккан ташкын жүздөгөн калктуу конуштарды жууп, ондогон адамдын өмүрү кыйылган. Иликтөөлөрдүн негизинде кырсыкты орусиялык аскерлер уюштурушу мүмкүн деген бүтүм чыккан. Алар муну контрчабуулга даярданып жаткан украиналык армияга тоскоолдук жаратуу...
12.06.2025 07:55 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Орусиялык дрондор менен Харьковго сокку урулду Харьковдо 12-июнга караган түнү Орусиянын дрон чабуулунан кеминде 15 киши жараат алып, бешөө ооруканага жаткырылганын облустук полиция кабарлады. Алардын арасында 2, 12, 16 жана 17 жаштагы төрт бала бары кабарланды. Эки жаштагы бала ооруканага жеткирилди. Шаардын Шевченков, Салтов, Слободский райондорунда калктуу конуштар аткылоого кабылган. “12-июнда орус күчтөрү Харьковго абадан сокку урду. Көп кабаттуу жана жер үйлөр, дүкөндөр, мектептер жана бала бакчалар, автоунаалар зыян тартты....
12.06.2025 07:24 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Агартуу министрлиги мугалимдердин отчет иштери азая турганын билдирди Агартуу министрлиги мектептер боюнча беш автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизип, мугалимдердин отчеттук иштерин азайтуу аракети жүрүп жатканын билдирди. Мекеменин 12-июнда тараткан маалыматында, санариптештирүүнүн баштапкы этабында мугалимдер мурда кол менен толтурган 46 отчеттун 30у толугу менен жоюлат. Эми бардык отчеттор каалаган күнгө онлайн режимде автоматтык түрдө түзүлөт. “Күндөлүк” системасы бардык мамлекеттик мектептерге киргизилди жана келерки окуу жылынан тарта...
12.06.2025 07:20 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Кыргызстанда 84 миң гектар жерди чегиртке каптады Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 84 миң гектар аянтты зыянкечтер каптаганын билдирди. Анын 74 миң гектарына дары себилген. Мекеме чегирткенин бар-жогун аныктоо үчүн 114 миң гектардан ашуун айыл чарба жерлери изилдегенин билдирди. Учурда чегирткелерди жок кылуу иштери Жалал-Абад, Ош, Баткен, Талас, Чүй жана Нарын облустарында уланууда. Бишкек шаарынын тургундарынан да зыянкечтер каптаганы боюнча билдирүүлөр түшүп, текшере келгенде зыяндуу эмес экенин...
12.06.2025 07:13 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Мурдагы депутаттын жана мэрдин кармалышы. Жемкорлукка каршы күрөш кандай жүрүүдө? Талас шаардык соту парламенттин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоевди 9-июлга чейин камакта калтырды. Ага коррупция боюнча айып тагылып, 2005-2010-жылдары айыл өкмөт болуп турган учурга байланыштуу экенин облустук милициядан ырасташты.
12.06.2025 04:22 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
90 депутат бир мандаттуу округдардан шайланат Кыргызстанда парламент депутаттарын шайлоо мыйзамы өзгөртүлдү. Президент Жапаров кол койгон жаңы мыйзамга ылайык, өлкөдө бир мандаттуу 30 аймактык шайлоо округу түзүлөт.
11.06.2025 19:40 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Украина менен Орусия туткундарды алмашты Украинанын Харьков шаары кайрадан аткыланып, кеминде үч киши каза тапты. Соңку күндөрдөгү жапырт чабуулдар украин коопсуздук кызматынын орусиялык аэродромдорго каршы атайын операциясына жооп катары каралууда.
11.06.2025 15:59 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Косово АКШ чыгарган мигранттарды “убактылуу” кабыл алууга даяр Жарым-жартылай таанылган Косово Республикасынын убактылуу өкмөтү АКШдан депортацияланган мигранттарды “убактылуу негизде” кабыл алууга даяр экенин билдирди. 11-июнда өкмөттүн басма сөз катчысы Перпарим Криезиу бул иштин алкагында бир жылдын ичинде 50гө чейин адам Косоводо убактылуу жайгаштырылышы мүмкүн экенин ырастады. Анын айтымында, бул иш АКШдан депортацияланган мигранттарды үчүнчү өлкөгө жайгаштыруу максатынын алкагында ишке ашат жана андай адамдар кийин түпкү мекенине жеткирилет....
11.06.2025 13:42 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Орусияда кароосуз калган беш бала Кыргызстанга кайтарылды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ата-энесинин камкордугусуз калган беш баланы Орусиядан мекенине алып келди. Бул тууралуу 11-июнда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Кыргызстанга кайтарылган балдардын үчөө жакын туугандарынын камкордугуна өткөрүлүп берилди. Эки бала Бишкектеги атайын балдар мекемесине убактылуу жайгаштырылды. "Балдарды өзүнүн жакын туугандарына өткөрүп берүү аракети көрүлүп жатат", -деп айтылат мекеме тараткан маалыматта. Министрлик балдар кандай...
11.06.2025 13:31 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Кыргызстан өз жарандарын АКШдагы нааразылык акцияларынан оолак болууга чакырды Кыргызстан АКШда жүргөн жарандарын коопсуздугун сактоого чакырды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 11-июнда тараткан маалыматтык билдирүүдө айтылат. Анда мекеме АКШда туруксуз кырдаал жаралып жатканын эске алуу менен жарандарды көчө жүрүштөрүнө, митингдерге жана коомдук чогулуштарга катышпоону, мындай иш-чаралар өтүп жаткан жерлерден алыс болууга чакырды. ТИМ зарыл болгон учурда Кыргызстандын АКШдагы дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүктөрүнө ыкчам кайрылуу керектигин...
11.06.2025 13:06 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0
Preview
Казакстанда психдиспансерде кыздарды зордуктаган санитарлар соттолду Казакстандын Шымкент шаарынын соту Түркстан облустук психикалык саламаттык борборунун эки санитарын сексуалдык зомбулук иши боюнча 15 жылга эркинен ажыратты. Соттун маалыматына ылайык, 33 жаштагы Нурбек Даржанов менен 43 жаштагы Нурлан Дүйсөбаев Казакстандын Жазык кодексинин 120-беренеси ("Зордуктоо") боюнча күнөөлүү деп табылды. Сот аларга жашы жете электер менен жана педагогикалык кызматтарда иштөөгө тыюу салды. Маалыматка караганда, айыпталгандар былтыр ноябрь айында камакка...
11.06.2025 12:22 — 👍 0    🔁 0    💬 0    📌 0